КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-августу № 01-7/43
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн, жергиликтүү бюджетинин 2015-жылдын III-кварталына кошумча смета түзүү жана статьяларды жылдыруу боюнча өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кара - Бак айыл өкмөтүнүн, жергиликтүү бюджетинин 2015 -жылдын II- III - кварталына карата, сметадан ашыкча түшкөн кошумча кирешелерди, чыгашалар боюнча бөлүгүнүн сметасына, өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө финансы бөлүмүнүн башчысы С. Курбановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Бак айылдык Кенешинин V чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орто мектептер боюнча: электр энергиядагы 2232-статьясынан -510,0 мин сом, орто мектептердин көмүр боюнча 2224 статьясына-163,2 мин сом, башталгыч мектептердин көмүр боюнча 2224 статьясына-228,1 мин сом, толук эмес орто мектептердин көмүр боюнча 2224 статьясына-118,7 мин сом, сметалар боюнча жылдырылып бекитилсин.
2. Ошондой эле мектептердеги көмүр боюнча 2224-статьядагы жергиликтүү кирешелерди түзгөн 510,0 мин сом, смета боюнча мектептерге төмөнкүдөй болуп жылдырылсын.
Башталгыч мектептердин 22221100 статьясына-200,0 мин сом, орто мектептердин 22221200 статьясына-310,0 мин сом,
3. Айыл өкмөтүнүн аппаратынын түрдүү чыгымдар боюнча 2215-статьясынын IV- кварталынан, III-кварталына 294,0 мин сом жылдырылсын.
4. Мектептер жана балдар бакчасы боюнча, III -кварталдагы электр энергиядагы 294,0 мин сом IV-кварталга төмөнкүдөй болуп жылдырылсын.
Орто мектептердин эл.энергиядагы 2232 статьясынан - 123,0 мин сом,
Башталгыч мектептин эл.энергиядагы 2232 статьясынан - 58,5 мин сом,
Толук эмес орто мектептин эл.энергиядагы 2232 статьясынан - 22,2 мин сом,
Балдар бакчасы боюнча эл.энергиядагы 2232 статьясынан - 90,3 мин сом болуп жылдырылсын
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык Кенештин бюджет жана экономикалык маселелер боюнча комитетинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы, айыл өкмөтүнүн финансы жана экономика болүмүнүн башчысы С. Курбановко милдеттендирилсин.
Кара-Бак айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Каламбеков |