Редакцияот 23.11.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2015-жылдын 23-ноябры № 01-7/48

Алты-Адыр жана Карабел участкаларынын турак жайга берилүүчү жердин ар бир жаранга болгон жер өлчөмүн аныктоо жөнүндө

Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Алты-Адыр жана Карабел участкаларынан турак жай куруу үчүн берилүүчү жер аянтынын өлчөмүн аныктоо максатында Кара-Бак айылдык кенешинин V чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Алты-Адыр жана Карабел участкаларынын турак жайга берилүүчү өлчөмү ар бир жаранга 0,20 га дан болуп бекитилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жер, транспорт, курулуш жана суу чарбалары боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы  Т.Курбанбековго милдеттендирилсин.

 

Кара-Бак айылдык

кеңешинин төрагасы

 

А. Каламбеков