Редакцияот 23.11.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2015-жылдын 23-ноябры № 01-7/50

Кызыл-Бел айылындагы 0,70 га жер аянтын муниципалдык менчикке кайтарып алуу жөнүндө

Кызыл-бел айылындагы турак жайга үчүн берилген 40,0 га жер аянтынын ичинен Кызыл-Бел айылынын тургуну А.Мурзаевге дыйкан чарба үчүн берилип кеткен 0,70 га жер аянтын Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 01.04.2014-жылы № 6-228/14 АД токтомунун негизинде муниципалдык менчикке кайтарып алуу максатында Кара-Бак айылдык кенешинин V чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Бел айылынын тургуну А.Мурзаевдин 0,70 га жери Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 01.04.2014-жылгы №6-228/14 АД токтомунун негизинде Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кайтарылсын.

2. Муниципалдык менчикке кабыл алуу жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы С.Убаевге жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-бак айылдык кенешинин төрагасынын орун басары М.Надировага милдеттендирилсин.

 

Кара-Бак айылдык

кеңешинин төрагасы

 

А. Каламбеков