КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-ноябры № 01-7/52
Кызыл-Бел айылынын тургуну Ж.Курбановдун 1,70 га жер аянтын турак жайга кайтарып алуу жөнүндө
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 23.09.2004-жылы №9-96 сандуу токтому менен Кызыл-Бел айылынын тургуну Ж.Курбановго өздөштүргөн болуп 20 жылдык мөөнөт менен берилген 1,70 га жер аянты Кызыл-бел айылынын Кырманжай участкасынан турак жай үчүн берилген 40,0 га жер аянтынын ген планына кирип калгандыктан турак жайга кайтарып алуу максатында Кара-Бак айылдык кенешинин V чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Бел айылынын тургуну Ж.Курбанов менен Кара-Бак айыл өкмөтүнүн ортосунда өздөштүрүү үчүн 20 жылдык мөөнөткө түзүлгөн №___ келишимди бир тараптуу токтотууга макулдук берилсин.
Кызыл-Бел айылынын тургуну Ж.Курбановго берилген 1,70 га өзү өздөштүргөн жерди турак жайга кайтарып алуу жана келишимди токтотуу жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө жана Баткен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мулкко болгон укуктарды каттоо башкамалыгына сунушталсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жер, транспорт, курулуш жана суу чарбалары боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Курбанбековго милдеттендирилсин.
Кара-Бак айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Каламбеков |