Редакцияот 23.11.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2015-жылдын 23-ноябры № 01-7/53

Кызыл-Бел айылынын Улак жай участкасынан турак жай үчүн берилген калктуу конушка ысым коюу жөнүндө

Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-бел айылынын Улакжай участкасынан турак жай үчүн берилген калктуу конушка ысым коюу максатында  Кара-Бак айылдык кенешинин V чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-бел айылынын Улакжай участкасынан турак жай үчүн берилген калктуу конуш Жолдошбай Момунов атындагы калктуу конушу деп аталсын. 

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-бак айылдык кенешинин төрагасынын орун басары М.Надировага милдеттендирилсин.

 

Кара-Бак айылдык

кеңешинин төрагасы

 

А. Каламбеков