КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-ноябры № 01-7/55
Кызыл-Бел айылынын Ак-Тилек участкасынын ген планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кызыл-Бел айылындагы Ак-Тилек жаны конушунун ген планына өзгөртүү киргизүү менен бош жаткан жерлерди элдин муктаждыгына байланыштуу аукцион аркылуу жергиликтүү бюджетке акча түшүрүү максатында Кара-Бак айылдык кенешинин V чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Бел айылындагы Ак-Тилек жаны конушунун ген планына өзгөртүү киргизүү менен бош жаткан 0,10 га жер аянты соода борборун куруу жана 0,01 га жер аянты машина ондоочу жай куруу үчүн аукциондун негизинде жеке менчикке берүүгө макулдук берилсин.
2. Аукциондун негизинде берүү жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы С.Убаевге тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жер, транспорт, курулуш жана суу чарбалары боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Курбанбековго милдеттендирилсин.
Кара-Бак айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Каламбеков |