КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-ноябры № 01-7/57
Гыламидин мечити жайгашкан жер аянтынын ген планын өзгөртүү киргизүү жана бекитүү жөнүндө
Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Бак айылынын Курук-Сай участкасындагы Гыламидин мечити жайгашкан жер аянтынан өткөн жогорку чыналуудагы электр чубалгысы жылдырылгандыгына байланыштуу долбоор катары чийилген жердин ген планын өзгөртүп бекитүү максатында Кара-Бак айылдык кенешинин V чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айылынын Курук-Сай участкасындагы Гыламидин мечити жайгашкан жер аянтына өзгөртүү киргизилсин.
2. Гыламидин мечити жайгашкан жер аянтына долбоор катары чийилген ген планы бекитилсин.
3. Тийиштуу документтерин даярдоо жагы Кара-бак айыл өкмөтүнүн башчысы С.Убаевге тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-бак айылдык кенешинин төрагасынын орун басары М.Надировага милдеттендирилсин.
Кара-Бак айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Каламбеков |