Редакцияот 30.07.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Булак айылдык кеңешинин V чакырылышынын 20-сессиясы

 

2015-жылдын 30-июлу № 18

Кара-Булак айыл өкмөтүндө жер пайдалануу жана курулуштарды куруу укугуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдары боюнча укуктук ченемдөө актыларынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 токтомунун 7-беренесинин 4 - пунктуна ылайык Кара-Булак айылдык Кенешинин У-чакырылышынын 20-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Бужум айылынын туштук тарабындагы Б.Назаровго тиешелүү болгон өндүрүштүк багыттагы 1( бир ) га жер аянтын калктуу конуштар багытына которууга макулдук берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба курулуш өнөр жай жана баалоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Кара-Булак айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Т. Эрматов