Загрузка документа…
КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Булак айылдык кеңешинин V чакырылышынын 23-сессиясы
2015-жылдын 23-октябры № 30
Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын 08.10.2015-жылдагы № 03-18/8 сандуу катын кароо жөнүндө
Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын 08.10.2015-жылдагы № 03-18/8 сандуу катынын жана Кара-Булак айылдык Кенешинин алдында тузулгон айыл чарба,курулуш,онор жай жана баалоо боюнча туруктуу комиссиясынын № 3 протоколунун , КРнын жер кодексинин 25-статьясынын 2-пунктунун негизинде Кара-Булак айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Булак айыл өкмөтүнүн Бужум айылынын аймагынан Баткен шаарынын элдерин таза суу менен камсыз кылуу үчүн мурдатан бери пайдаланып келген 0,61 га (алтымыш бир ) жер аянты ,таза суу кампалары Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык таза суу ишканасына мөөнөтсуз пайдаланууга берилсин.Төмөнкү шарттар менен.
- Туура-Таш участкасынын А.Кутуев көчөсуно 3 суу тутугун чыгаруу
-Бужум айылынын Кокту участкасынын Т.Сайназаров көчөсүнө 3 суу
тутугун чыгаруу
-Бужум айылынын жаныдан жер бериле турган конушуна суу чыгаруу
2. Керектуу болгон юридикалык документтерди жасап беруу жагы Кара-Булак айыл өкмөтүнүн суралсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенештин төрагасынын орун басары Д.Маликовго тапшырылсын.
Кара-Булак айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Абдрахманова |