Редакцияот 23.10.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Булак айылдык кеңешинин V чакырылышынын 23-сессиясы

 

2015-жылдын 23-октябры № 32

А.Имаровдун арызын кароо жөнүндө

Мыйзамдуулук укук тартип, каада салт, этика жана саясий уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Аслановдун билдируусун угуп жана талкуулап Кара-Булак айылдык Кенешинин кезексиз У- чакырылышынын кезексиз 23-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Булак айылдык Кенешинин 2014-жылдын 21-июлундагы Бужум айылынын Калинин участкасынын көчөлөрүнүн бирине Улуу Ата мекендик согуштун ардагери И.Эсеновдун жана эмгек ардагери М.Мергеновдун ысымдарын ыйгаруу боюнча кабыл алган № 1 токтому кучундө калтырылсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кара-Булак айылдык Кенешинин Төрагасынын орун басары Д.Маликовго тапшырылсын.

 

Кара-Булак айылдык

кеңешинин төрагасы

 

А. Абдрахманова