Загрузка документа…
КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Булак айылдык кеңешинин V чакырылышынын 23-сессиясы
2015-жылдын 23-октябры № 34
Кара-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Булак-Башы участкасындагы жерлерди которуу жөнүндө
Кара-Булак айыл өкмүтүнө караштуу Булак-Башы участкасына Застава куруу үчүн 2022 аскер бөлүгүнөн 2015-жыл 16.10. № 412 катынын негизинде Кара-Булак айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Кык жайлоосунун Булак–Башы участкасындагы жайыт жерден 5 ,0 га жер аянты айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан, өнөр жай, транспорт байланыш коргонуу жана башка жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Жогорудагы 5,0 га жер аянтынын которуштуруу боюнча тийиштуу документтери аяктагандан кийин Кыргыз Республикасынын чек ара кызматына караштуу № 2022-аскер бөлүгүнө застава куруу үчүн берүүгө макулдук берилсин.
3. Керектуу болгон юридикалык документтерди жасап беруу жагы Кара-Булак айыл өкмөтүнүн суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенештин төрагасынын орун басары Маликовго тапшырылсын.
Кара-Булак айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Абдрахманова |