Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 4-сентябры № 6/2
Ак-Моюн айылындагы эски кампанын ордунан Ак-Моюн айылында уюшулган жаштар уюмуна спорт комплекс куруу үчүн жер тилкесин берүү жөнүндө
Ак-Моюн айылдык Кеңеши жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Моюн айылындагы эски кампанын ордунан Ак-Моюн айылында уюшулган жаштар уюмуна спорт комплекс куруу үчүн жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
2. Ак-Моюн айылындагы эски кампанын ордунан бөлүнүп берилүүчү жер тилкесинин аянтын жеринде барып аныктап, Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн токтомун чыгарып берүү жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн турак-жай башкы адисине тапшырылсын.
3. Мыйзам чегинде тиешелүү документтер менен камсыз болуу жагы, Ат-Башы райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгынан жана архитектура бөлүмүнөн суралсын.
Тѳрайым: | Г. Аттокурова |