Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-октябры № 18/2
Ак-Суу айыл аймагынын Коргон-Дөбө айылындагы 200 орундуу маданият үйүн куруу жөнүндө
Ак-Суу айыл аймагындагы Коргон-Дөбө айылындагы 200 орундуу маданият үйүн куруу жөнүндө социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын корутундусун угуп, Ак-Суу айылдык Кенеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл аймагындагы Коргон-Дөбө айылына 200 орундуу маданият үйүн курууга макулдук берилсин, 3,75% өздүк салым 2016-жылдын бюджетинин планына киргизилсин. (Элдик чогулуштун токтому тиркелет).
2. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www. aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет;
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Чойбековага жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кенешинин туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Төрөкулов |