Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын ХVIII сессиясы
2015-жылдын 29-октябры № 18/5
Ак-Суу айылынын Ак-Сай участкасындагы Ф.Тойгонбаева көчөсүндөгү 3 км жолду реабилитациялоо жөнүндө
«Ак-Суу айылынын Ак-Сай участкасындагы Ф.Тойгонбаева көчөсүндөгү 3 км жолду реабилитациялоо жөнүндө» социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын корутундусун угуп, Ак-Суу айылдык Кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Ак-Суу айылынын Ак-Сай участкасындагы Ф.Тойгонбаева көчөсүндөгү 3 км жолду реабилитация жасоого» макулдук берилсин.
2. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www. aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет;
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Чойбековага жүктөлсүн.
5. Ак-Суу айылынын Ак-Сай участкасындагы Ф.Тойгонбаева көчөсүндөгү 3 км жолду реабилитация жасоонун жалпы сметалык баасынын 1955338 сомдун 7% өздүк салымын Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын бюджетинин 70111 бөлүмүнүн 31113320 беренесинен 136873 сомдук каражаты бөлүнүп берилсин.
6. Жогорудагы акча каражатын камсыз кылуу жагы ФЭБ башчысы А.Кожобековго тапшырылсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Төрөкулов |