Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын ХVIII сессиясы
2015-жылдын 29-октябры № 18/7
Ак-Суу айыл аймагынын жайыт комитетинин 2015-жылы аткарган 9 ай ичинде жүргүзгөн жумуштарынын отчету жөнүндө
“Ак-Суу айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Э.Жоробековдун 2015-жылы аткарган 9 ай ичинде жүргүзгөн жумуштарынын отчету жөнүндө” туруктуу комиссиясынын төрагасынын корутундусун угуп, Ак-Суу айылдык Кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Э.Жоробековдун 2015-жылы аткарган 9 ай ичинде жүргүзгөн жумуштарынын отчету кабыл алынсын.
2. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www. aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет;
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Чойбековага жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасы | К. Төрөкулов |