Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын ХVIII сессиясы
2015-жылдын 29-октябры № 18/8
Ак-Суу айылдык кеңешинин айрым депутаттарынын депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө
«Ак-Суу айылдык кеңешинин айрым депутаттарынын депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө” туруктуу комиссиясынын төрагасынын корутундусун угуп, Ак-Суу айылдык Кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргызстандын аймагынан сырткары жүрүп, айылдык кеңешинин сессияларына себепсиз катары менен төрт жолудан ашыкча катышпагандыгына байланыштуу “Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо” жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 52-беренесинин 2-пунктунун 10-пунктчасына негиз № 2342 шайлоо участкасынан шайланган Замир уулу Чынгыз, № 2343 шайлоо участкасынан шайланган Арыкбаев Курсантбектердин депутаттык ыйгарым укугу токтотулсун.
2. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www. aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет;
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Чойбековага жүктөлсүн.
5. Бул токтомду бекитип берүү жагы Аксы аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Төрөкулов |