Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын ХVIII сессиясы
2015-жылдын 29-октябры № 18/9-1
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы жерлерден жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча жерди тактоо үчүн комиссия түзүү жөнүндө
“Ак-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы жерлерден жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча жерди тактоо үчүн комиссия түзүү жөнүндө” туруктуу комиссиясынын төрагасынын корутундусун угуп, Ак-Суу айылдык Кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы жерлерден жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча жерди тактоо үчүн төмөндөгү комиссиянын курамы түзүлсүн.
Торокулов Калдарбек - айылдык кеңештин төрагасы
Шадыканов Абдыбалы- айылдык кеңештин депутаты
Акишов Айбек- айылдык кеңештин депутаты
Тынаев Рыспай- айылдык кеңештин депутаты
Эшалиев Туратбек- айылдык кеңештин депутаты
Орозбаев Нурланбек- айылдык кеңештин депутаты
Чоконбаев Керималы- айылдык кеңештин депутаты
Ибраимов Самат- айылдык кеңештин депутаты
Алымкулов Анарбек- айыл өкмөтүнүн жер адиси
2. Жогорудагы түзүлгөн комиссиянын жыйынтыгынын негизинде айыл өкмөтүнүн атуулдарына жерлерди берүү макулдугу берилсин.
3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www. aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
4. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет;
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Чойбековага жүктөлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Төрөкулов |