Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын ХVIII сессиясы
2015-жылыдын 29-октябры № 18/9-2
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн “Айбек” ишканасынан демөөрчү катары берилген “Грейдерди” өткөрүп алуу жөнүндө
«Ак-Суу айыл өкмөтүнүн “Айбек” ишканасынан демөөрчү катары берилген “Грейдерди” өткөрүп алуу жөнүндө” туруктуу комиссиясынын төрагасынын корутундусун угуп, Ак-Суу айылдык Кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн “Айбек” ишканасынан демөөрчү катары берилген “Грейдерди” өткөрүп алуу жөнүндө төмөндөгү комиссиянын курамы түзүлсүн.
Торокулов Калдарбек - айылдык кеңештин төрагасы
Шадыканов Абдыбалы- айылдык кеңештин депутаты
Анарбаев Куттубек- айылдын тургуну
2. Жогорудагы түзүлгөн комиссиянын өткөрүп алуу боюнча түзүлгөн актынын негизинде айыл өкмөтүнө «Грейдер» техникасы өткөрүлүп берилсин.
3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www. aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
4. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет;
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Чойбековага жүктөлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Төрөкулов |