Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын ХVIII сессиясы
2015-жылдын 29-октябры № 18/9-3
Ак-Суу айыл аймагындагы диний борборлор, секталар жөнүндө КР мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Аксы райондук бөлүмүнүн кайрылуусу жана Ак-Суу айылынын намаз окуган жамаатардын атынан кайрылган кайрылуусу жөнүндө
“Ак-Суу айыл аймагындагы диний борборлор, секталар жөнүндө КР мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Аксы райондук бөлүмүнүн кайрылуусу жана Ак-Суу айылынын намаз окуган жамаатардын атынан кайрылган кайрылуусу жөнүндө” туруктуу комиссиясынын төрагасынын корутундусун угуп, Ак-Суу айылдык Кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл аймагында мыйзамсыз иш жүргүзүп жаткан салтыбызга жат, элди бөлүнүп-жарылууга алып келип, ынтымагын ыдыратып жаткан «Ыйса машаякчы» диний уюмунун жана башка мыйзамсыз түзүлгөн диний уюмдардын иштөөсүнө тыюу салынсын.
2. Ак-Суу айыл аймагындагы тиешелүү органдар менен биргеликте комиссия түзүп жер-жерде рейддерди уюштуруп түшүндүрүү иштерин жүргүзүлсүн.
3. КР мамлекеттик коопсуздук комитетинин Аксы райондук бөлүмүнөн жана Аксы РИИБинен Ак-Суу айыл өкмөтүндө «Ыйса машаякчы» диний уюмунун мындан ары иштөөсүнө бөгөт коюп, тыюу салуу боюнча аракеттерди көрүү жагы суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Н.Балтабаевге жүктөлсүн.
Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Төрөкулов |