Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын ХVIII сессиясы
2015-жылыдын 29-октябры № 18/9-5
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы бекитилген бюджетинен участкалык инспектордун кызматтык автоунаасынын ремонт иштерине акча каражатын бөлүү жөнүндө
“Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы бекитилген бюджетинен участкалык инспектордун кызматтык автоунаасынын ремонт иштерине акча каражатын бөлүү жөнүндө” туруктуу комиссиясынын төрагасынын корутундусун угуп, Ак-Суу айылдык Кенеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы бекитилген бюджетинен участкалык инспектордун кызматтык автоунаасынын ремонт иштерине 10000 (он мин) сом акча каражатын бөлүүгө макулдук берилсин.
2. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы бекитилген бюджетинен участкалык инспектордун кызматтык автоунаасынын ремонт иштерине деп бөлүнгөн акча каражатын максатуу жумшоо жагы участкалык инспектор С.Ташматовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын ФЭБ башчысы А.Кожобековго тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кенешинин туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Төрөкулов |