Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын ХVIII сессиясы
2015-жылыдын 29-октябры № 18/9-6
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы бекитилген бюджетиндеги көмүр үчүн бөлүнгөн акча каражатынан, тендер бөлгөндөн кийин артып калган акча каражатын 22241100 статьясынан 22154900 статьясына которуу жөнүндө
«Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы бекитилген бюджетиндеги көмүр учүн бөлүнгөн акча каражатынан, тендер бөлгөндөн кийин артып калган акча каражатын 22241100 статьясынан 22154900 статьясына которуу жөнүндө» туруктуу комиссиясынын төрагасынын корутундусун угуп, Ак-Суу айылдык Кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн бюджетиндеги 22241100 (Таш көмүр сатып алуу) статьясынан 22154900 (башка кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө) статьясына 163300(бир жүз алтымыш үч миң үч жуз) сом акча каражатын которууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын ФЭБ башчысы А.Кожобековго тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Төрөкулов |