Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын ХVIII сессиясы
2015-жылыдын 29-октябры № 18/9-7
Ак-Суу айыл аймагынын тургуну Аттокуров Жолдубайдын курулуп жаткан балдар бакчасынын кармала турган коргонуна уруксат бербей тургандыгы жөнүндөгү арызы боюнча
«Ак-Суу айыл аймагынын тургуну Аттокуров Жолдубайдын курулуп жаткан балдар бакчасынын кармала турган коргонуна уруксат бербей тургандыгы жөнүндөгү арызы боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасынын корутундусун угуп, Ак-Суу айылдык Кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Ак-Суу айыл аймагынын тургуну Аттокуров Жолдубайдын курулуп жаткан балдар бакчасынын кармала турган коргонуна Аксы райондук шаар куруу башкармалыгынын жана ӨКМдин тийиштүү иш кагаздарын толук көрсөтмөюнчө ураксат берилбесин.
2. Аксы райондук шаар куруу башкармалыгынын жана ӨКМдин иш кагаздарын тактап аткаруу жагы жер адис А.Алымкуловго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Төрөкулов |