Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын ХVIII сессиясы
2015-жылыдын 29-октябры № 18/9-9
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы ОсОО “Асыл–Кен” ишканасы үчүн арендага жер бекитип берүү жөнүндө
«Ак-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы ОсОО “Асыл –Кен” ишканасы үчүн арендага жер бекитип берүү жөнүндө” туруктуу комиссиясынын төрагасынын корутундусун угуп, Ак-Суу айылдык Кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн аймагына караштуу 24,7 га өлчөмүндөгү жерди көмүр казуу үчүн бөлүнүп берилсин.
2. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www. aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет;
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Чойбековага жүктөлсүн.
5. ОсОО “Асыл-Кен” ишканасынын арендага бекитилип берилген жер боюнча мыйзамдуу иш кагаздарын тактоо жер адиси А.Алымкуловго милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кенешинин туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Төрөкулов |