Загрузка документа…
КЫШТУТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыштут айылдык кеңешинин V чакырылышынын XXII сессиясы
2016-жылдын 18-февралы № 2
Кыштут айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы А.Н.Айдаровдун 2015-жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча билдирүүсү жөнүндө
Кыштут айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы А.Н.Айдаровдун 2015-жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча билдирүүсүн угуп жана кеңири талкуулап Кыштут айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXII кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылдагы Кыштут айылдык Кеңешинин өз алдынча башкаруусунун 2015-жылга кирешелери боюнча 13230,8 миң сом, чыгашалары боюнча 13230,8 миң сом суммасында (анын ичинен электр энергиянын кымбаттагандыгына кошумча каражат 713,9 мин сом, элдин электр энергиясынын жеңилдиги 1016,7 миң сом, балдар бакчаларынын тамак аш продуктылары үчүн ата энелер взносу 206,9 миң сом) өз максатында аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыштут Айылдык кеңешинин экономика, финансы жана бюджеттик маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кыштут айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Зикиров |