Загрузка документа…
КЫШТУТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыштут айылдык кеңешинин V чакырылышынын XXII сессиясы
2016-жылдын 18-февралы № 3
Кыштут айыл өкмөтүнүн 2016-жылга карата жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө
Кыштут айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы А.Н.Айдаровдун 2016-жылга карата жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө билдирүүсүн угуп жана кеңири талкуулап Кыштут айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXII кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыштут айыл өкмөтүнүн 2016-жылга түзүлгөн бюджетинин кирешелери боюнча 13863,1 миң сом, чыгашалар боюнча 13863,1 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыштут Айылдык кеңешинин экономика, финансы жана бюджеттик маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кыштут айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Зикиров |