Загрузка документа…
КАБАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кабак айылдык кеӊешинин депутаттардын XXVI чакырылышынын XV сесиясы
2016-жылдын 25-февралы № 26-15-1
Кабак айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2016-жылга бюджетин, 2017-2018-жылдардын бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча Кабак айылдык Кещешинин сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кабак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2014-жылга кирешеси жана чыгаша болугу өзгөртүү жана толуктоо киргизүү менен - 6868,7 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. 2016-жылга Кабак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү - 15236,1 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
Анын ичинен:- тещдештирме грант - 6376,8 мин сом
- салыктан түшкөн киреше - 8859,3 мин сом
2017-жылга бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоору-15117,56 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
Анын ичинен-тенлештирме грант - 5745,0 мин сом
-салыктан түшкөн киреше - 9372,5 мин сом.
2018-жылга бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоору-15998,7 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
Анын ичинен:-тендештирме грант-5682,0 мин сом
-салыктан түшкөн киреше-10316,7 мин сом
3. Айыл өкмөтүндө эмгек акыга, социалдык фондко жана сметада каралган баардык статьяларды чыгымдоодо лимиттен ашпай иш алып барууну жана биринчи кезекте корголгон статьялар (эмгек акы, соц.фонд.коммуналдык кызмат бала бакчанын тамак -ашы үчүн, электр энергия, жылуулук ж.б) каржылоо жагы айыл өкмөттүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Абдыралиевага милдеттендирилсин.
4. Кабак айыл өкмөтүнүн айылдык бюджети боюнча жугуртуудөгү кассалык нак акча 25,0 мин суммасында бекитилсин.
5. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп jumgal.kg веб сайтына жарыялансын жана кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалына жана тийиштүү мекеме-ишканаларга жөнөтүлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөнү Кабак айылдык Кенешинин Финансы экономика маселери боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Имеров |