Загрузка документа…
КАБАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кабак айылдык кеӊешинин депутаттардын XXVI чакырылышынын XV сесиясы
2016-жылдын 25-февралы № 26-15-2
2015-жылдын бюджетинин кирешелеринин эсебинен калган үнөмдөлгөн каражатты бөлүштүрүү жөнүндө
Кабак айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын жыйынтыгында жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин эсебинен үнөмдөлүп калган каражаттын жалпы суммасы 945850 сом 54 тыйын ( тогуз жүз кырк беш миң сегиз жүз элүү сом 54 тыйын), Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу мектеп, бала бакчанын жетекчилеринин жана айылдын жашоочуларынын кайрылуу, сунуштарын Кабак айылдык Кеӊешинин депутатарынын сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кабак айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын жыйынтыгында жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин эсебинен үнөмдөлүп калган каражат тɵмɵндɵгү жумуштарга жумшалсын:
1. Сары-Булун айылындагы мектеп окуучуларын И.Орозалиев атындагы Орнок орто мектебине каттамын камсыздоо үчүн микроавтобус сатып алууга 300000 (үч жүз миң) сом
2. Кабак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жун тыткан машина сатып алууга 70000 (жетимиш миң) сом
3. Кабак айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн балансасында турган «Өрнɵк ФАПка – 85000 (сексен беш миң) сом.
мунун ичинен тез жардам унаасынын ремонтуна - 60000 (алтымыш мин) сом.
- Принтер алууга – 15000 (он беш миң) сом
- Аристонго 10000 (он миң) сом
4. Кең-Суу айылындагы 1-4-класска чейинки мектеп окуучуларынын ысык тамагына – 10100 (он миң бир жүз) сом.
5. Айыл аймагындагы алыскы аралыкта жайгашкан сугат аянттарынын жолдорун ощдоого 330000 (үч жүз отуз миң) сом.
-Кичи-Жекат – 50000 (элүү миң), Кен-Суу – 40000 (кырк миң), Котур-Суу-50000 (элүү миң), Сасык-90000 (токсон миң), Чон-Жекат – 100000 (бир жүз миң) сом.
6. Кабак айыл аймагындагы жайгашкан Туз кени менен айыл элинин каттамын камсыздоо максатында асма көпүрө курууга – 150750 сом, 54 тыйын. (бир жүз элүү миң жети жүз элүү сом, 54 тыйын)
2. Ушул токтом айыл Өкмɵтүнɵн каттоодон ɵткɵрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жɵнɵтүлсүн.
Төрага | Б. Имеров |