Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХXXI сессиясы
2016-жылдын 25-февралы № 31/4
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдарга катуу тиричилик калдыктарын чогултуу үчүн атайын жер участокторун бөлүү жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагындагы айылдарга катуу тиричилик калдыктарын чогултуу үчүн атайын жер участокторун бөлүп берүү боюнча Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жер адиси М. Садыковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Катуу тиричилик калдыктарын чогултуу үчүн Ак-Талаа айылынан “Каптал” 0,15 га жер аянты, Мантыш айылынан “ Алмазбек” участкасынан 0,15 га жер аянты, Кызыл-Дөбө айылынан “Кызыл” участкасынан 0,20 га жер аянты, Кара-Мойнок айылынан “ Малдыбай” участкасынан 0,15 га жер аянты, Орток айылынан “ боз” участкасынан 0,15 га жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Жер аянтын тактап бөлүп берүү жагы айыл өкмөттүн жер адиси М. Садыковго, айыл тургундарына көргөзүп түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы ар бир айылдын айыл башчыларына тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Жунушалиевге милдеттендирилсин
Тѳрага: | Т.И. Курткаев |