Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХXXI сессиясы
2016-жылдын 25-февралы № 31/6
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2016-жылга карата калкка кызмат көрсөтүүдө берилүүчү маалыматтардын бааларын бекитүү жөнүндө
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы М.Шейшеналиеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн аймагындагы акы алып, кызмат көрсөтүүдөгү баалары (тарифтери) төмөндөгүдөй өлчөмдөрдө бекитилсин:
1. Үй-бүлөө тууралуу справка 5 - 00сом.
2. Менчик малын сатууга справка 10-00 сом.
2. Айыл өкмөтү боюнча женилдик берүү максатында 30.04.2001-жылдагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик пособиялар жөнүндө мыйзамынын 28-статьясына ылайык социалдык жардам, социалдык фонд бөлүмдөрүнө берилүүчү справкалар акысыз берилсин.
3. Айыл өкмөтү тарабынан, атайын билдирүү менен кайрылганда, райондук прокуратурага, ички иштер бөлүмүнө, райондук сотко, военкоматка берилүүчү маалыматтар акысыз берилсин.
4. Кызмат көрсөтүүдөгү алынган акча айыл өкмөтүнүн канцелярдык чыгымдарына пайдаланылсын.
5. Нарын облусундагы монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик органы менен тарифти (бааларын) макулдашып , бекитип алуу жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы башкы эсепчи К.Темиралиевге тапшырылсын.
Тѳрага: | Т.И. Курткаев |