ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Төбө айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXXVI заседаниеси
2015-жылдын 18-ноябры № 36/3
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин, Жер участогунун менчик ээсинин жана пайдалануучунун укуктары жөнүндөгү 49-беренесинин 6-пунктунун жана Үч-Төбө айылдык кеңешинин 2015-жылдын иш-планын аткаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин, Жер участогунун менчик ээсинин жана пайдалануучунун укуктары жөнүндөгү 49-беренесинин 6-пунктунун жана Үч-Төбө айылдык Кеңешинин 2015-жылдын иш-планын аткаруу максатында, жазгы- талаа жумуштары боюнча аткарылган иштер жөнүндө, Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн жер жана айыл чарба боюнча жетектөөчү адиси Н.Туркбаевдин маалыматын угуп талкуулап
Үч-Төбө айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн айылдар боюнча жүргүзүлгөн 2015-жылдын жыйынтыгы менен, жазгы- талаа жумуштары боюнча жер жана айыл чарба боюнча жетектөөчү адиси Н.Туркбаевдин маалыматы эске алынсын.
2. Калк жашаган айылдардагы көчө-жолдорду генпландын негизинде ачуу 2016-жылы күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлсүн. Бул иш-чарага айылдык Кеңешинин жергиликтүү депутаттары тартылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, кайра бөлүштүрүү фонду,айыл чарбасын өнүктүрүү жана жайыттарды коргоо багытындагы маселелерди чечүү боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Үч-Төбө айылдык кеӊешинин төрагасы |
Э. Өмурзаков |