Редакцияот 19.05.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Ой-Тал айылдык кеңешинин кезексиз 16-сессиясы (5-шайланган) жыйналышы

 

2015-жылдын 19-майы № 16/1

Ой-Тал айылдык Кеңешинин № 1-жети мандаттуу Ой-Тал шайлоо округунан депутат Ибираимов Нурдубектин каза болгондугуна байланыштуу, депутаттык мандатын токтотуу жөнүндө

Депутаттардын Ой-Тал айылдык Кеңешинин кезексиз 16-сессиясынын (5- шайланган) жыйналышы карап жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ой-Тал айылдык Кеңешинин № 1-жети мандаттуу Ой-Тал шайлоо округунан депутат Ибираимов Нурдубектин каза болгондугуна байланыштуу, депутаттык мандаты токтотулуп, анын ордуна Ой-Тал айылдык Кеңешинин № 1-жети мандаттуу Ой-Тал шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын кобун алган шайланган депутаттан кийинки талапкерге мандат берүү жагы Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ой-Тал айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары С.Жунусовго тапшырылсын.

 

Ой-Тал айылдык

кеңештин төрагасы

 

М.Орунбеков