Редакцияот 15.07.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Ой-Тал айылдык кеңешинин кезектеги 17-сессиясы (5- шайланган) жыйналышы

 

2015-жылдын 15-июлу № 17/4

Ой-Тал айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын которуу жөнүндө

Депутаттардын Ой-Тал айылдык Кеңешинин кезектеги 17-сессиясы (5-шайланган) жыйналышы карап жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ой-Тал айыл өкмөтүнүн конторасынын жаны имаратын курууга айыл өкмөтүнүн бюджетинен 330 миң сом акча каражаты которулуп берилсин.

2. Айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын өз убагында которуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Акматовго милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ой-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы К.Осмоновго тапшырылсын.

 

Ой-Тал айылдык

кеңештин төрагасы

 

М. Орунбеков