Загрузка документа…
ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Ой-Тал айылдык кеңешинин кезектеги 18-сессиясы (5- шайланган) жыйналышы
2015-жылдын 29-октябры № 18/1
Айыл өкмөтүндө 2015-жыл үчүн индикативдик пландарынын жана салык топтоонун жарым жыл ичинде аткарылышынын абалы жөнүндө
Депутаттардын Ой-Тал айылдык Кеңешинин кезектеги 17-сессиясынын (5- шайланган) жыйналышы карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүндө 2015-жыл үчүн индикативдик пландарынын жана салык топтоонун жарым жыл ичинде аткарылышынын абалы айрым кемчиликтери менен аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Айыл өкмөтүнүн салык кызматкери (С.Абдикеримов), айыл башчылары (Б.Ыбышов, Т.Апыев) жана жер адиси (М.Моноков):
- мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондусунун ижарага берилген жерлеринен алынуучу салыктын өз убагында топтолушуна негизги көңүлдөрүн бурушсун;
- ижара келишиминин талаптарын аткарбаган атуулдарга мыйзам чегинде чара колдонушсун;
3. Бул токтомдун аткарлышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин социалдык маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык–экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ой-Тал айылдык кеңештин төрагасы |
М. Орунбеков |