Загрузка документа…
ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Ой-Тал айылдык кеңешинин кезектеги 18-сессиясы (5- шайланган) жыйналышы
2015-жылдын 29-октябры № 18/2
Депутаттардын Ой-Тал айылдык Кеңешинин курулуш, транспорт, өнөржай, соода, ишкердүүлүк, байланыш, инвестиция, энегетика, кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссиянын отчету
Депутаттардын Ой-Тал айылдык Кеңешинин кезектеги 18-сессиясынын (5- шайланган) жыйналышы карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Ой-Тал айылдык Кеңешинин курулуш, транспорт, оноржай, соода, ишкердуулук, байланыш, инвестиция, энегетика, кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссиянын отчету (А.Касымбеков) канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Бул токтомдун аткарлышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары С.Жунусовго тапшырылсын.
Ой-Тал айылдык кеңештин төрагасы |
М. Орунбеков |
| Депутаттардын Ой-Тал айылдык кеңешинин кезектеги 18–сессиясынын (5- шайланган ) жыйналышынын 29.10.2015-жылдагы № 18/2-токтомуна тиркеме |
Урматтуу депутаттар! Айыл өкмөтүнүн аймагында ар кандай курулуш иштери экотехникалык жан архитектуралык курулуш нормаларына ылайык жүргүзүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турат.
Натыйжада мындай нормаларга туура келбеген курулуш обьектилери жок.
Алсак азыркы күндө курулуп жаткан айыл өкмөтүнүн конторасынын имараты архитектура жана курулуш нормаларын так сактоонун негизинде курулуп жатат.
Менчигинин түрүнө карабастан айылдарда курулуп жаткан ар кандай курулуш обьектилерине жана айыл чарба жерлеринин экологиялык жактан тура пайдаланылышына жергиликтүү бийлик дагы такай көзөмөл жүргүзүп келет.
Бугунку күндө айыл өкмөтүндө 68 автоуна каттоодо турат. Анын ичинен жүк ташуучу 6 автоунаа, калганы жеңил автоуналар болуп саналат. Кара-Кулжа райондук салык инспекциясынын кызматкерлери жана райондук мамлекеттик автоинспекциясынын кызматкерелери менен биргеликте жүргүзгөн иштеринин натыйжасында ,жыл ичинде аталган автоуналардын баардыгы техникалык кароодон өткөрүлүп, 2015-жылга автоуналардан алуунучу салыктын өлчөмү 70 000 сом болсо, жыл ичинде транспорт салыгы боюнча 81 750 сом топтолуп каралган план ашыгы менен аткарылды .
2014-жылда Ой-Тал айыл өкмөтүндө төмөндөгүдөй инвестициялар тартылып, Ой-Тал жана Кондук айылдарын мобилдик байланыш менен камсыз кылуу үчүн «МЕГАКОМ» компаниясынан 885.0 миң сом өлчөмдө каражат жумшалып, телестанция курулган.
Айыл өкмөтүнө МЧС тарабынан Ой-Тал жана Кондук айылдарына дамбаларды бүткөрүштү. Ой-Тал айылына караштуу Сай участкасына дамбага 456000 миң сом, Кондук айылына 501000 сом , жалпысынан 957 миң сомдук жумуштар аткарылган.
Ишкердүулүктү өнүктүрүүдө атуулдарга донор уюмдардан кредит алууга жакындан жардам берилүүдө. 2015-жылдын азыркы мезгилинин ичинде 5 атуул «Айыл банктан» 1 млн. сом өлчөмүндө, 60 адам 3 млн. сом өлчөмүндө микрокредит, РСК банктан 2 адам 400 миң сом өлчөмүндө кредит алышып, алынган кредиттерин максаттуу пайдаланышты.
2015-жылга төмөнкүдөй инвестициялар тартылышы күтүлүүдө.
Республикалык түрткү берүүчү гранттан Ой-тал айыл өкмөтүнүн конторасын кайра курууга проект өткөрүлгөн. Жалпы баасы 3 млн 130 миң сомду түзөт.
Бүгүнкү күндө курулуш иштери жүрүп жатат.