Загрузка документа…
ОЙ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Ой-Тал айылдык кеңешинин кезектеги 18-сессиясы (5- шайланган) жыйналышы
2015-жылдын 29-октябры № 18/3
Депутаттардын Ой-Тал айылдык Кеңешинин агрардык азык–түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиянын отчету
Депутаттардын Ой-Тал айылдык Кеңешинин кезектеги 18-сессиясынын (5-шайланган) жыйналышы карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Ой-Тал айылдык Кеңешинин агрардык азык–түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиянын отчету (К.Туйбасов) канааттандырарлык деп табылсын.
2. Маалыматта белгиленген кемчиликтерди тез аранын ичинде четтетүү жагы айыл башчыларына (Б.Ыбышов, Т.Апыев), жер адисине (М.Моноков) милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарлышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары С.Жунусовго тапшырылсын.
Ой-Тал айылдык кеңештин төрагасы |
М. Орунбеков |
| Депутаттардын Ой-Тал айылдык кеңешинин кезектеги 18–сессиясынын (5- шайланган ) жыйналышынын 29.10.2015-жылдагы № 18/3-токтомуна тиркеме |
Депутаттардын Ой-Тал айылдык Кеңешинин агрардык азык–түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К.Туйбасовдун отчету
Урматтуу депутаттар! Ой-Тал айыл өкмөтү 2015-жылда айыл өкмөтүнүн агрардык секторунун өнүгүү абалы боюнча төмөнкүдөй көрсөткүчтөргө ээ болду.
2015-жылга айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүндө индикативдик план боюнча 470 т.эт, 2 т сут, 20400 даана жумуртка жана 17.5т жүн пландалган болсо ушул убакга 389 ц,12 т. сүт болсо аткарылганы 600л, 20 400 даана жумуртка, болсо аткарылганы 18600 даана, 17.5 тонна жүн өндүрүлүп, койулган план толугу менен аткарылган.
Айыл өкмөтүндө негизги тармак болгон мал чарбасын өнүктүрүүдө малдын башын көбөйтүүгө көп көңүл бурулууда. Салыштырмалуу 2014-жылга ири мүйүздүү малдын башы 66 башка, кой эчки 145 башка, жылкылар 43 башка көбөйгөн.
Ал эми Ой-Тал айыл өкмөтү кайра бөлүштүрүү фондусунун жеринен 83215 сом салык байланса, 70000 миң сомго аткарлыган, айыл чарбага багытталбаган жер салыгы 2600 сомго байланса, толугу менен аткарылган.
Жартылышты коргоо жана эклогияны сактоо боюнча төмөндөгү иштер аткарылган.
Айыл өкмөтүнө МЧС тарабынан Ой-Тал жана Кондук айылдарына дамбаларды бүткөрүштү. Ой-Тал айылына караштуу Сай участкасына дамбага 456000 миң сом, Кондук айылына 501000 сом, жалпысынан 957 миң сомдук жумуштар аткарылган.
Кайра курууга проект өткөрүлдү. Жалпы баасы 3 млн 130 миң сомду түзөт.
МЧС тарабынан Ой-Тал айылынын оорууканасынын суу ташкынынан тосууга 200 метр жерге 1млн 200 миң сомдук каражатка дамба курулат.