УЧКУН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Учкун айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылыштагы кезектеги I сессиясы
2016-жылдын 2-февралы № 1/5
КБФнын жерлерин аукцион конкуруска коюу боюнча Учкун айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жер комиссиясынын 2016-жылдагы №1 токтому бекитилсин. КБФнун жерлерин ижарага берүү боюнча аукцион-конкурстарды өткөрүү Учкун айыл өкмөтүнүн жер боюнча комиссиясына бекитилсин.
2. Аукционду өткөрүү тартибин бузган адамдарды, кийинки үч жолку аукционго катышуу укугунан ажыратылсын.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп www.uchkun.naryn-region.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик Укуктук актыларынын мамлекеттин реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Учкун айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер адиси М. Бусурманкуловго жүктөлсүн.
Учкун айылдык кеӊешинин төрагасы |
Ж. Осмоналиев |