Загрузка документа…
УЧКУН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Учкун айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылыштагы кезектеги II сессиясы
2016-жылдын 2-февралы № 2/2
Тазалык салыгынын тарифи боюнча Учкун айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тазалык салыгынын тарифин кɵтɵрүү боюнча эмки боло турган сессияга сунуш алып келүү салык адиси С. Жээналиевге милдеттендирилсин.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп www.uchkun.naryn-region.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик Укуктук актыларынын мамлекеттин реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Учкун айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Учкун айылдык кеӊешинин төрагасы |
Ж. Осмоналиев |