Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Н. Исанов атындагы айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 7-отурумунун (сессиясы)
2016-жылдын 13-февралы № 7-2
Таза сууга баа коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 6-апрел 2004-жылдагы № 292 токтомунун негизинде Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн алдындагы жайгашкан айылдардагы жашаган элдердин таза суу пайдаланып жаткандыгына байланыштуу аларга суунун баасын коюп берүү үчүн СООПВнын жетекчилери айылдык кенешинин депутаттарына кайрылышкан , алар карап чыгып электр тогу менен пайдаланган Кожоке , Күнгөй Кожеке айылдарына ар бир түтүнгө 100сомдон , ал эми үйдн ичине суу түтүгүн киргизгендер үчүн 200сомдон ошондой эле Чеч-Дөбө , Жар-Коргон айылдарындагы суу пайдаланып жаткан айыл тургундарына өзү келүүчү булактардан ар бир түтүнгө 50 сомдон ,ал эми үйдүн ичине киргизген суу түтүктөргө 100сомдон баасы бекитилсин, Ар бир суу түтүк киргизген үйлөр үчүн суу эсептөөчү учечиктер коюлсун деп айыл кеңешинин депутаттары төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Н.Исанов атындагы айыл Кенешинин аймагындагы жайгашкан элдер азыркы учурда акысыз суу пайдаланып жаткандыгын эске алып Кожеке,Күнгөй Кожеке айылдарында электр тогу менен суу чыгып жаткандыгын эске алып суунун баасы бир айына түтүнгө 100сом үйүнө суу түтүгүн киргизген адамдар үчүн 200 сомдон акча төлөнүп ,ал эми Чеч-Дөбө ,Жар-Коргон айылдарында жашаган элдер үчүн түтүнгө 50сом үйүнө суу түтүгүн киргизгендер үчүн 100 сом акча ар бир айына төлөнсүн.
- Үйүнө суу түтүк киргезген ар бир жаран үчүн суу эсептөөчү учечиктер коюлсун.
- Таза суу СООПВнын жетекчилери Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы менен келишим түзүлсун.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Асановго тапшырылсын.
Н. Исанов айылдык кеӊешинин төрагасы |
Ж. Нурмаматов |