Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Н. Исанов атындагы айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 7-отурумунун (сессиясы)
2016-жылдын 13-февралы № 7-3
Жеке менчик ветсервис кызматкерлердин кызмат акыларын бекитип берүү жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнун аймагында жайгашкан 6 айыл бар. Айыл тургундарынын жеке менчик малдарын ар түрдүү жугуштуу оорулардан сактап туруу үчүн алдын ала чара көрүү иштерин ар бир айылдын вет.сервистердин башкы врачтары эл ичинде кызмат кылууда. Аларга элдин малынын эсебинен эмгек акылары төлөнөт Ошондуктан ноокат райондук ветеринардык фито санитардык коопсуздук бөлүмүнун ишканасынан № 343каты менен кайрылган ар бир оору менен иштелип чыккан эмгек акыларын көрсөтүлгөн наркта бекитип берүү жөнүндө айылдык кеңешинин депутаттарына кайрылган ,ошол кайрылууну талкуулап чыгып айыл кенешинин депутатары төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан айылдардагы жеке менчик вет.сервистердин кызмат акысы Ноокат райондук ветеринардык Фито санитардык коопсуздук мекеме ишканасын ар бир оору үчүн алдын ала эмдөолөрдү өтөрүп кароо боюнча карап чыгып берилген кызмат акылардын баасы бекитилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагын айыл өкмөтүнүн ветеринардык инспектору жетектөөчү адис М.Абдыкайымовго тапшырылсын.
Н. Исанов айылдык кеӊешинин төрагасы |
Ж. Нурмаматов |