Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Н. Исанов атындагы айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 8-отурумунун (сессиясы)
2016-жылдын 18-февралы № 8-5
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн ижара жана башка жерлердин баасы жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл кенешинин аймагындагы жайгашкан айыл тургундарынын үлүш жерлеринин баасын жана айыл өкмөтүнө караштуу орто фонддун жеринин баасын көтөрү боюнча айыл кенешинин депутаттарына айыл өкмөтүнүн салык кызматкерлердин кайрылуусу жөнүндө сунуштары айыл кенешинин депутаттары карап чыгып учурда жерге эгилген эгиндердин баасы төмөн болуп кетирилген чыгымдары акталбай жаткандыгын эске алып айыл кенешинин депутаттары төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Н.Исанов атындагы айыл кенешинин аймагындагы жайгашкан айылдардагы жайгашкан үлүш жерлерин жана айыл өкмөтүнүн орто фонддун жерлеринин баасын көтөрүү үчүн кайрылган сунуштарын карап чыгышып жерге келтирилген чыгымдар өзүн актабай жаткандыгын эске алып эски жер салыгынын баасы калтырылып бекитилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагын айыл кенешинин финансы жана экономика боюнча түзүлгөн туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Н. Исанов айылдык кеӊешинин төрагасы |
Ж. Нурмаматов |