Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз ХIХ сессиясы
2016-жылдын 19-январы № 19/1
Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын бюджетин аткарууда 2016-жылдын башында бош калган каражатынын эсебинен айыл өкмөттүн ички чыгымдарын жабуу жөнүндө
«Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2015 -жылдын бюджетин аткарууда 2016-жылдын башында бош калган каражатынын эсебинен айыл өкмөттүн ички чыгымдарын жабуу жөнүндө» айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысы М.Исраилованын маалымат сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31- беренесине ылайык Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2015- жылдагы бюджетин аткарууда 2016- жылдын башында бош калган акча каражаттарды, төмөнкү статьяларына кошумча чыгымдоо жагы бекитилип берилсин.
Бала-бакчага:
1. 22141100 Тамак-аш каражатына 29613,00 2. 22154900 Ар кандай каражатка 77000,00
Баары: 106613,00 Мамлекеттик кызматка:
1.21211100 Соцфондун чегерүүсүнө 106627,00 2.22154900 Ар кандай каражат үчүн 226991,14
Баары 333618,14
Жалпысы: 440231,14
2. Өкмөттүн эсепкорундагы бөлүнүп берилген бош калган акча каражаттарын максатка ылайык чыгымдоо жагы Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи М.Исраиловага милдеттендирилсин.
Тѳрага: | Н. Керимкулов |