Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз ХХ сессиясы
2016-жылдын 25-февралы № 20/6
Талаа-Булак айыл аймагынын администрацияык укук бузуулар боюнча комиссиясы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдындагы администрациялык укук бузуулар боюнча комиссиялар жөнүндөгү типтүү жобого ылайык айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Б.Кадыркул уулунун маалыматын угуп жана талкуулап Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдында администрациялык укук бузуулар боюнча сандык курамы 9 адамдан турган комиссия түзүлсүн.
2. Талаа-Булак айыл аймагында айыл өкмөтүнүн алдында администрациялык укук бузуулар боюнча комиссия түзүүнү айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Б.Кадыркул уулуна милдеттендирилсин.
3. Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы ушул токтомдун негизинде түзүгөн комиссия курамы айыл аймагынын жашоочуларына кеңири тааныштырсын.
4..Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Депутатык иш, этика, маданият жана билим берүү, саламаттыкты сактоо, адам укугун коргоо, коомдук тартипти сактоо боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага: | Н. Керимкулов |