Загрузка документа…
ТАМЧЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жергилитүү депутаттарынын ХХVI чакырылган Тамчы айылдык кеңешинин кезектеги ХVIII сессиясы
2016-жылдын 12-февралы № 33
Коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу жөнүндө
Айылдык Кеңештин кезектеги сессиясынын күн тартибиндеги, коомдук тартипти сактоо, диний-экстремизмге, терроризмге каршы күрөшүү боюнча аткарылып жаткан жана алдыда аткарыла турган иштер жөнүндө айыл Өкмөтүнүн Юристи А.Табылдиевдин жасаган маалыматын угуп, күч орган жана дин кызматкерлеринин сунушун эске алып Тамчы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тамчы айыл Өкмөтүнүн юристи А.Табылдиевдин коомдук тартипти сактоо, диний-экстремизмге, терроризмге каршы күрөшүү боюнча аткарылып жаткан жана аткарыла турган иштер жөнүндө жасаган маалыматы эске алынсын.
2. Коомдук тартипти сактоо, диний-экстремизмге каршы күрөшүү, террористтик актыларды болтурбоо иштерин айыл Өкмөтү, күч органдары, дин кызматкерлери жана коомдук уюмдар менен бирдикте иш алып баруу күчөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык Кеңештин “Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана чакан бизнести өнүктүрүү боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Тамчы айылдык кеӊешинин төрагасы |
Н. Иманалиев |