Загрузка документа…
ТАМЧЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жергилитүү депутаттарынын ХХVI чакырылган Тамчы айылдык кеңешинин кезектеги ХVIII сессиясы
2016-жылдын 12-февралы № 40
Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин маселелерин чечүү жөнүндө
Айылдык Кеңештин кезектеги сессиясынын күн тартибиндеги, “Нур–бала” бакчасынын маселелерин депутаттар карап, кызуу талкууга алгандан кийин, бала бакчанын жетекчиси Ч.Шамбеталиеванын маалыматын эске алып Тамчы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бала-бакчанын жетекчиси Ч.Шамбеталиеванын 2015-жылы аткарылган иштери жана 2016-жылга карата негизги багыттары жөнүндө жасаган маалыматы алымча-кошумчасы менен эске алынсын (маалымат тиркелет).
2. “Нур–бала” бала-бакчасынын оюн аянтчасын жасоого жергиликтүү бюджеттен 60 миң.сом акча каражаты бөлүнсүн.
3. Бала-бакчадагы балдардын коопсуздугун алдын алуу максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1 көзөмөлдөө камерасын орнотуу айыл Өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Бала-бакчанын башка маселелерин чечүү үчүн Эл аралык уюмдардын долбоорлору менен иштөө, демөөрчүлөрдү табуу аракеттерин көрүү бала-бакчанын эмгек жамаатына милдеттендирилсин.
5. Ата-энелер төлөмү 700 сом өлчөмүндө бекитилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык Кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тамчы айылдык кеӊешинин төрагасы |
Н. Иманалиев |