Загрузка документа…
ТАМЧЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жергилитүү депутаттарынын ХХVI чакырылган Тамчы айылдык кеңешинин кезектеги ХVIII сессиясы
2016-жылдын 12-февралы № 41
Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин маселелерин чечүү жөнүндө
Айылдык Кеңештин кезектеги сессиясынын күн тартибиндеги, “Жаш -Муун” бакчасынын маселелерин депутаттар карап, кызуу талкууга алгандан кийин, бала бакчанын жетекчиси Б.Калдыбаеванын маалыматын эске алып Тамчы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Жаш-Муун”бала-бакчанын жетекчиси Б.Калдыбаеванын бала-бакчанын маселелерин чечүүгө байланыштуу жасаган маалыматы алымча-кошумчасы менен эске алынсын.
2. Бала-бакчанын жумушчуларынын 1ден баласына ата-энелик төлөмдүн 50% на жеңилдик берилсин.
3. Бала-бакчадагы балдардын коопсуздугун алдын-алуу максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1 көзөмөлдөө камерасын орнотуу айыл Өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Тамчы мектеп-гимназиясынын нан бышыруучу шкафы убактылуу пайдаланууга “Жаш Муун” бала-бакчасына берилсин.
5. Эл аралык уюмдардын долбоорлору менен иштөө,демөөрчүлөрдү табуу аракеттерин көрүү бала-бакчанын эмгек жамаатына милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык Кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тамчы айылдык кеӊешинин төрагасы |
Н. Иманалиев |