Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 5-марты № 26-23/83
Кайыңды айылдык аймагынын 2016-жылдын бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө
Кайыңды айылдык аймактык кеңешинин алдындагы бюджет комиссиясынын кортундусунун негизинде Кайыңды айыл өкмөтүнун 2016-жылдын бюджетинин долбоорун карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайыңды айылдык өкмөтүнүн 2016- жылдагы бюджетинин кирешелер булагы боюнча 7604,9 миң сомго жана чыгашалар боюнча 7604,9 миң сомго бекитилсин, анын ичинен республикалык бюджеттин эсебинен алынуучу теңдөөчү грант 3650,7 миң сом , жергиликтүү бюджеттин эсебинен 3954,2 миң сом бекитилсин.
2. Кайыңды айыл аймагында жайгашкан мекеме – уюмдардын жыл ичинде каржылоо чыгымдарын зарыл болгон учурда бир статьядан экинчи статьяга өзгөртүүнү жүргүзүү тармактык комиссясынын макулашуусу менен жана аткаруу жагын айыл өмөтүнүн КЭБ башчысы А.Субанбековага милдеттендирилсин.
3. Кайыңды айыл аймагында жайгашкан мекеме- уюмдар 2015-жылы жетишсиз каржыланган чыгымдары 2016-жылга каралган каражаттардын чектеринде компенсанциялансын.
4. Жергиликтүү бюджетке чыгашадан киреше булагынан көп түшкөн каражатты финансы тарабынан ар кандай статьяларга чыгымдоого макулдук берилсин.
5. Өзгөчө кырдалдарды алдын алуу иштерин жүргүзүү үчүн 120,0 миң сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
6. Кайыңды айылынын клубу ишке киргенине байланыштуу бир штаттык бирдик ачылсын.
7. Жергиликтүү бюдждеттин киреше булагы аздыгынан чыгаша булагы көп болгондуктан, электр энергияны, көмүрдү, айлык акыны жана башка чыгаша булактарын каржылоо үчун теңдөөчү грант берүү жагы суралсын.
Төрага: | З. Абдрахманов |