Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 5-марты № 26-23/84
Жайыт комитетинин 2016-жылдын бюджетинин киреше булагына жайыт акысы үчүн салыктардын өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө
Кайыңды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылдын бюджетинин киреше булагына жайыт акысы үчүн салыктын өлчөмү төмөндөгүдөй болуп бекитилип берилсин:
Кара малга: 1. Сырттан келген мал башына - 100 сом
2. Жергиликтүү жарандардын мал башына – 50 сом
Кой, эчкиге: 1. Сырттан келген мал башына - 20 сом
2. Жергиликтүү жарандардын мал башына – 10 сом
2. Жайыт комитетинин төрагасы (Т.Керимбеков) айыл өкмөтүнүн вет.адиси (А.Султаналиев) менен бирдикте сырттан келген малдын ар кандай жугуштуу орууларга каршы эмдөөлөр жүргүзүлгөндүгү жөнүндө аныктамаларын текшерүү жагы милдеттендирилсин.
3. Мал багып жайыт пайдаланган малчылар менен эки тараптуу келишим 15-апрелге чейин жүргүзүлүп, малды алыскы жайыттарга көчүрүү жагын Көзөмөлдөө жагы Ж.К. башчысы Т.Керимбековго тапшырылсын.
4. Малчылар менен түзүлгөн келишимдин негизинде 2016-жылдын бюджетинин долбооруна такталып киргизилген малдын башына карата эсептөөлөрдү бекитүү, кийинки сессиянын отурумуна дайындоо жагы Ж.К. башчысы Т.Керимбековго милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл кеңешинин айыл–чарбасы боюнча тармактык комиссиясынын төрагасы К.Узенбековго тапшырылсын.
Төрага: | З. Абдрахманов |