Загрузка документа…
ТАМЧЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жергилитүү депутаттарынын ХХVI чакырылган Тамчы айылдык кеңешинин кезектеги ХVIII сессиясы
2016-жылдын 12-февралы № 52
Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү жөнүндө
Айылдык Кеңештин кезектеги сессиясынын күн тартибиндеги, Тамчы айыл тургундарынын, айылдын күн чыгыш тарабындагы эски коргонду коргоого жергиликтүү бюджеттен акча-каражат бөлүп берүү жөнүндөгү маселени депутаттар карап, кызуу талкууга алгандан кийин Тамчы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймактагы коргондорду курчоо иштерин жүргүзүү үчүн жеринен карап, аныктоо максатында комиссия курамын түзүү айыл Өкмөтүнө тапшырылсын.
2. Тамчы айылынын күн чыгыш тарабындагы эски коргонду темир тор сетка менен курчоо иштерин жүргүзүүгө жергиликтүү бюджеттен 250,0 миң сом өлчөмүндө акча-каражат бөлүнсүн.
3. Курулуш иштерин айыл жашоочуларынын ашар ыкмасы менен ишке ашырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык Кеңештин турукту комисиясына тапшырылсын.
Тамчы айылдык кеӊешинин төрагасы |
Н. Иманалиев |