Загрузка документа…
ТАМЧЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жергилитүү депутаттарынын ХХVI чакырылган Тамчы айылдык кеңешинин кезектеги ХVIII сессиясы
2016-жылдын 12-февралы № 53
Спорт тармагын уюштуруу жөнүндө
Айылдык Кеңештин кезектеги сессиясынын күн тартибиндеги, Тамчы, Чырпыкты айылдык жаштар уюмунун, күрөш килем сатып берүү жөнүндөгү арыздарын депутаттар карап, талкууга алгандан кийин, жаштарды спортко үйрөтүү, тарбиялоо негизинде Тамчы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймактагы Тамчы, Чырпыкты жаштар уюмуна күрөш килемдерин алууга жергиликтүү бюджеттен 100,0 миң сомдон баардыгы 200,0 миң сом өлчөмүндө акча-каражат бөлүнсүн
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык Кеңештин турукту комисиясына тапшырылсын.
Тамчы айылдык кеӊешинин төрагасы |
Н. Иманалиев |