Редакцияот 20.01.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чаек айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы

 

2016-жылдын 20-январы № 10

Чаек айыл аймагынын Бештерек айылынын “Бештерек ” жамаатын юридикалык каттоого алуу жөнүндө

21.02.2005-жылдагы Кыргыз Республикасынын “Жамааттар жана алардын кошундары жөнүндөгү” № 36-мыйзамдын негизинде Чаек айылдык Кеңешинин алдында  түзүлгөн “Бештерек” жамаатын юридикалык каттоого алуу жөнүндөгү арызын жана жамааттын уставын жамааттык уюмду түзүүчүлөрдүн жалпы жыйындарынын токтомдорун угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чаек  айылдык Кеңешинин алдында түзүлгөн “Бештерек” жамааты төмөндөгү маалыматтар менен каттоого алынсын.

Жамааттын айылдык Кеңештеги каттоо №____

Уюштуруу укуктук формасы Жамаат

Менчик түрү: Жеке

Юридикалык дареги:  Бештерек  айылы,  Чаек айыл аймагы, Жумгал району

Жамааттын төрагасы:  Алиева Калиман

2. Кабыл алынган уставдын негизинде иш алып баруу Чаек айылдык Кеңешинин алдында түзүлгөн “Бештерек” жамаатына жүктөлсүн.

3. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү-мекемесинин башчысы О. Жунушалиевге жүктөлсүн.

 

Чаек айылдык

кеӊешинин төрагасы:

 

А.Ж Бөдөнбеков